[00:02.466]Сөзү : Ж. Садыковдуку[00:08.291]Обону : Ж. Мамажановдуку[00:17.419]Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,[00:23.707]Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.[00:30.028]Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,[00:36.051]Неге сен, неге сен, неге сен[00:42.926]түштүң экен күлүмсүрөп?[00:47.928]Неге сен, неге сен, неге сен[00:55.580]түштүң экен күлүмсүрөп?[01:00.863]Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,[01:06.655]Сезимге бир башкача ой түшүрөт.[01:12.936]Өкүнөмүн сен кайрылбай кеткениңе,[01:19.243]Калбай деп, калбай деп, калбай деп[01:25.557]эч болбосо беттен бир өөп.[01:31.084]Калбай деп, калбай деп, калбай деп[01:38.422]эч болбосо беттен бир өөп.[02:01.095]Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,[02:07.400]Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.[02:13.749]Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,[02:19.846]Башкалардын, башкалардын, башкалардын[02:26.382]жүрөгүнө башың жөлөп.[02:31.394]Башкалардын, башкалардын, башкалардын[02:39.060]жүрөгүнө башың жөлөп.[02:44.353]Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,[02:49.881]Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.[02:56.963]Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,[03:02.768]Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң[03:09.349]жүрө берсин күлүмсүрөп.[03:14.629]Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң[03:22.016]жүрө берсин күлүмсүрөп.